Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаев Кара-Кулжа районунун Кызыл-Жар айылында өрт чыккан Кебек Мамаев атындагы орто мектептен кабар алды.
slide 3 of 2
Сүрөт: Президенттин Оштогу өкүлчүлүгү
Сүрөт: Президенттин Оштогу өкүлчүлүгү
Сүрөт: Президенттин Оштогу өкүлчүлүгү
Сүрөт: Президенттин Оштогу өкүлчүлүгү
Сүрөт: Президенттин Оштогу өкүлчүлүгү
Сүрөт: Президенттин Оштогу өкүлчүлүгү
Белгисиз жагдайда билим берүү мекемеси толугу менен күйүп кеткен, тиешелүү кызмат өкүлдөрүнүн катышуусунда тез арада аймактагы билим берүү инфраструктурасын калыбына келтирүү боюнча жеринде талкууланды.
slide 2 of 5
Сүрөт: Президенттин Оштогу өкүлчүлүгү
Сүрөт: Президенттин Оштогу өкүлчүлүгү
Сүрөт: Президенттин Оштогу өкүлчүлүгү
Сүрөт: Президенттин Оштогу өкүлчүлүгү
Сүрөт: Президенттин Оштогу өкүлчүлүгү
Сүрөт: Президенттин Оштогу өкүлчүлүгү
Сүрөт: Президенттин Оштогу өкүлчүлүгү
Эльчибек Джантаев күйүп кеткен билим уясынын жанына курулуп жаткан эки кабаттуу жаңы мектеп имаратын курууну тездетүүнү тиешелүү кызматтарга тапшырды. Облус башчысы мектептин эмгек жамааты жана калкы менен болгон жолугушууда ар бир адамды сабырдуулукка чакырып, жаңы окуу жылында балдардын билим алуусунда эч кандай тыныгуу болбостугун баса белгиледи. Ошондой эле жаңы мектептин курулушу өлкө башчысы Садыр Жапаровдун тыкыр көзөмөлүндө экенин баса белгиледи.
Сүрөт: Президенттин Оштогу өкүлчүлүгү
Сүрөт: Президенттин Оштогу өкүлчүлүгү
"Бул мектептин курулушун эртерээк бүтүрүү үчүн бардык шарттар түзүлөт. Куруучулардын санын көбөйтүп, жаңы окуу жылына сапаттуу жана кыска мөөнөттө жаңы мектепти пайдаланууга берүүгө аракет кылышыбыз зарыл. Өрттөлгөн мектепти калыбына келтирсе болот, эч ким жабыркабаганына шүгүр келтирип, бардык күчүбүздү жаңы мектеп курууга жумшоо учур талабы. Окуучуларыбыздын билим алуусу үзгүлтүккө учурабайт жана жергиликтүүлөргө кубаныч тартуулаган заманбап билим берүү мекемесин калыбына келтиребиз", - деди Эльчибек Джантаев.
Сүрөт: Президенттин Оштогу өкүлчүлүгү
Облус жетекчиси мындан ары мындай окуяларга жол бербөө үчүн өрттүн келип чыгуу себептерин аныктоо жана келтирилген зыянды эсептөө иштерин тездетүү зарылдыгына көңүл бурду.
Белгилесек, 2-августта Кебек Мамаев атындагы орто мектепте өрт чыккан. Өрт ошол эле күнү толугу менен өчүрүлүп, 280 орундуу 1 кабаттуу мектептин болжол менен 684 чарчы метр аянты жана ага жанаша жайгашкан имараттын болжол менен 460 ч/м аянты, өрттөнгөн.